Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча Ной Вебстерден 4 кеңеш
Бай-бардар жашоого жетүүнүн таамай бир жолу жок. Бирок жашоодогу туура тандоолор, албетте, жардам берет.
Инфляция болуп, баалар өсүп, банктар банкротко дуушар болуп жаткан бүгүнкү күндө көпчүлүгүбүз чөнтөктөрүбүздү тынчсыздануу менен карап, финансылык кризис сөзсүз келип чыккан күнү биз эмне кылабыз деп ойлонуп жатабыз. Пенсиялык фондубузду кайра башынан топтоп башташыбыз керек болобу, же бир нече айдын ичинде жакыр болуп калбайбызбы? Балким өзүбүздү ыктымалдуу жакырдыктан толук сактоонун ишенимдүү ыкмасы жоктур, бирок андан коргонуунун жолдору бар. Ал жолдордун бири америкалык негиздөөчү Ной Вебстердин «Америка орфографиясы» (American Spelling Book) аттуу китебинин бир бурчунда орун алган. «Үй чарбасы, же сарамжалдуулардын жана сарамжалсыздардын тарыхы» аттуу бөлүмүндө Вебстер (1758-1843) эки киши тууралуу окуяны баяндайт. Алардын бири финансылык сыйкырчы болсо, экинчиси финансылык кара жолтой. Бирок алардын финансылык кирешеси же жоготуусу баалуу кагаздар биржасындагы ийгиликтин же кандайдыр бир өзгөчө гениалдуулуктун натыйжасы эмес. Жок, алардын финансылык кыраакылыгы негизинен алардын жашоодогу тандоолорунун натыйжасы, ошондуктан Вебстер материалдык байлыкка умтулуу кулк-мүнөздөн башталат деген жыйынтыкка келет.
1. Жем эрте үлгүргөн чымчыктыкы болот
Вебстер байлыкка болгон алгачкы кадамдардын бири адамдын сааттын коңгуроосуна болгон мамилесинен көз каранды деген ойду айтат. Сарамжалдуу киши тооктор менен бирге эрте туруп, күнүн эрте баштайт. Бирок эрте туруу үчүн ал киши шамдын баарын жакпастан, өз убактысында уктайт.
Ал эми сарамжалсыз киши болсо эрте турбайт, күн сайын жумушка жайбаракат мамиле жасайт, бул аягында жаман абалга жана кайгыга алып келет. Жана Вебстер бул тууралуу айтпаганы менен, сарамжалсыз мырзанын уктоо убактысы жайбаракат мүнөзүнөн улам кечки саат 10дон бир топ эле кеч болот.
2. Акылсыз адам акчаларынан бат эле ажырайт
Сарамжалсыз мырза эрте менен акыры төшөктөн турганда, ишти дароо баштоо анын биринчи жумушу болбойт. Анын ордуна ал барга же ичимдик текчесине жөнөйт. Бирок ал күткөндөй ичимдик аны күнүмдүк иштерди аткарууга даярдабастан, анын сезгичтигин начарлатып, акчасын шамалга сапырганга мажбурлайт деп түшүндүрөт Вебстер.
Ал эми сарамжалдуу мырзаны болсо Вебстер «тавернага көп барбаган» жана «бардык кирешесин пайдасы жок алкоголдук ичимдиктерге коротпогон» киши катары сүрөттөйт.
Вебстердин бул эскертүүсүнүн алкоголук ичимдиктерге гана тиешелүү эмес экенин эске алуу керек. Бул жердеги негизги принцип мындай: сарамжалдуу адам анын кыйналып тапкан долларларынын кайда кетип жатканын ойлонот жана эмгек акысын баалуулугу төмөн же эмгек дүйнөсүндө анын атаандаштык жөндөмүн төмөндөтүүчү нерселерге коротпогонго аракет кылат.
3. Ысырап кылба, каалаба
Биз ысырап жөнүндө ойлонгондо, оюбузга көбүнчө таштандыга ыргытылган нерселер, мисалы, бузулуп кеткен тамак келет. Бирок Вебстердин айтуусу боюнча, сарамжалдуу адам өзүнүн эң негизги товарын, тагыраак айтканда, убактысын текке кетирбегенге аракет кылат.
Бул өзгөчө сарамжалдуу мырзанын өзүнүн күнүмдүк иштерине тиешелүү. «Талаада жүргөндө, - деп жазат Вебстер, - ал өзүн абдан кыйнап чарчатпаса да, жумушун тынымсыз улантат». Ал ошондой эле жумушунда ар дайым башкалар менен баарлашып, окуяларды айтып берип же суу кулеринин жанында башкалардын сөздөрүн тыңшап убактысын коротпойт.
Сарамжалсыз мырзанын убактысы зымырап өтө берет. Чындыгында сарамжалсыз адам ар дайым артта калат, бирок кууп жетүүгө аракет кылып жаткандай, бош эместей көрүнөт. «Эми ал шашып калат, - деп жазат Вебстер, - жумушка даярданып карбаластайт, бирок шашылыш жасалган иштер начар болот: ал даярдануу менен күнүнүн бир бөлүгүн жоготот».
Тилекке каршы, мындай иш-аракеттерден улам бир гана анын убактысы текке кетпейт. Вебстер белгилегендей, анын ысырап болгон убактысынын дагы бир кесепети кол алдында иштегендердин да убактысын текке кетирип, балким бизнесинин пайда мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашына алып келет.
4. Чыгаша болмоюнча, киреше келбейт
Сарамжалдуу адам үчүн тез көрө билүү жана жакшы башкаруу акчалай кирешенин ачкычы болуп саналат. Ал сөзсүз келе турган чыгымдардан качпайт, бурулуп дароо төлөйт. Ошентип төлөмдү кечиктирүүдөн келип чыга турган айып пулдардан кутулуп, акчасын үнөмдөйт.
Ал ошондой эле өзүнүн мүлкүн жакшы кармайт, «шаймандарын карап, баарынын жумушчулар үчүн жарактуулугун текшерет», «үйүнүн, сарайынын, жер тилкесинин жана мал-мүлкүнүн абалына» көз салат. Бул аны сарамжалсыз мырза туш боло турган дүрбөлөңдөн жана убакыт ысырапкордугунан сактайт, анткени сарамжалсыз адам эч ким чыга албай турган коркунучтуу сценарийлердин бирине кабылат:
«Ал күнүмдүк жумушун баштоого даярмын деп ойлогондо, керектүү шаймандарынын жок экенин же алардын айрымдарынын иштен чыкканын көрөт. Соконун тишин жарым миля алыстагы темир устага алпарып оңдотуу керек болот, тырмооктун бир-эки тиши же кетмендин сабы сынган, же орок же балта мокок болот».
Жыйынтык
Убакыттын өтүшү менен бул майда нерселердин баары чогулуп, сарамжалдуу мырза бай адамга, «жүздөгөн гектар жери жана жүздөгөн баш малы бар» кирешелүү чарбанын ээсине айланат. Сарамжалсыз мырза болсо өзүнүн туура эмес кадамдарынан улам үзгүлтүксүз жоготууларга дуушар болуп, «көп жылга созулган көңүл калууларга, кыйынчылыктарга жана жакырчылыкка» кабылат.
Экөөнүн ортосундагы айырма, деп жазат Вебстер, «бир адам акчасынын пайыздарын гана коротсо, экинчиси акчасынын өзүн коротот».
Суроо сиз кайсысына киресиз?
Моюнга алышым керек, көптөр мени балким акчасын жакшы башкарат деп сыпаттамак чыгаар, бирок сарамжалдуу менен сарамжалсыз адамдын портрети өзүмдү көп учурда экинчисинин ордуна коюума түртөт. Бул менде экономика артка кете турган болсо, финансылык жактан биз өзүбүз ойлогондон алда канча жакшыраак боло алабызбы деген суроону пайда кылат.
Бүт баары жашоодо сарамжалдуу мырзанын өтүгүн кийе турган кулк-мүнөз, тагыраак айтканда, аракет бизде барбы деген суроого такалат.
Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Энни Холмквист жана Экономикалык билим берүү фонду тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.