Экономисттердин түшүнүгү боюнча “керектөө”
Табигый тил – баарлашуунун эң сонун куралы. Тилди колдонуу аркылуу биз адамдар бир мээден башка мээге ойлорду жеткирүү үчүн абаны, кагазды жана пикселдерди пайдаланабыз. Тил ар бирибизге каймана мааниде алганда башка адамдарды башыбызга киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сиз менин “мен картошка чипстерин абдан жакшы көрөм” деген сүйлөмүмдү окуганыңызда, менин картошканын куурулган жана туздалган жука кесимдерин жегенден абдан ырахат алаарымды түшүнөсүз. Сиз мени бул сүйлөмдү жазуу аркылуу сизге бул азык менде, айталы, уулума болгон сезимим сыяктуу эмоционалдык жакындыкты пайда кылат деп айтып жатат деп эч качан ойлобойсуз, баса уулумду да абдан жакшы көрөөрүмдү айта кетейин.
Бирок бардык нерселер сыяктуу тилде да кемчиликтер бар. Сөздүн эң мыкты чебери да өзүнүн башына башка адамдарды толук сала албайт. “Мен картошка чипсин жакшы көрөм” деген гипотеза мындай кемчиликтин бир себебин так чагылдырат: көп учурда сөз эки же андан көп, бирок толугу менен айырмаланбаган маанини билдирет. Картошканы “жакшы көрүшүм” менен уулумду “жакшы көрүшүмдүн” ортосунда кандайдыр бир жалпылык бар. Менин жашоомдо картошка чипстери да, уулум да бар экендигине кубанычтамын; картошка чипстери да, уулум да мага бакыт тартуулайт, ал үчүн мен кандайдыр бир курмандыктарга барууга даярмын. Ошого карабастан, “мен картошка чипстерин жакшы көрөм” деген сөзүмдү укканда, эч ким менин картошка чипсине болгон сезимдеримди уулума болгон сезимдериме салыштырууга болот же андан бир аз төмөнүрөөк болушу мүмкүн деп ойлобойт.
Тилекке каршы, көп учурда бир канча, бирок бири-биринен толук айырмаланбаган маанини билдирген сөздөрдү колдонуу чыныгы түшүнбөстүккө себеп болот. Мындай түшүнбөстүктөр экономисттер жалпы коомчулук менен сүйлөшкөндө көп келип чыгат.
Экономисттердин кээ бир сөздөрү Адам Смиттин “Элдердин байлыгы” аттуу китебиндеги “Керектөө бардык өндүрүштүн бирден-бир мүдөөсү жана максаты; жана өндүрүүчүнүн кызыкчылыгына керектөөчүнүн кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн зарыл болгон деңгээлде гана кам көрүү керек. Бул эреже ушунчалык айкын болгондуктан, аны далилдөөгө аракет кылуу келжиректик болмок” деген белгилүү сөздөрү сыяктуу туура эмес түшүнүүгө себеп болот.
Экономист үчүн Смиттин керектөө бардык өндүрүштүн бирден-бир мүдөөсү жана максаты деген пикири чындап эле айкын чындык. Бул пикирдин тууралыгын четке кагуу акылга сыйбайт. Бирок көп адамдар, дээрлик экономист эместердин баары, аны четке кагышат. Экономист эместер менен экономисттердин ортосундагы мындай айырманын себеби, “керектөө” деген сөз экономист эместердин аң-сезиминде экономисттерге караганда башкачараак маанини туюнтат.
Экономист үчүн “керектөө” экономикалык иш-аракеттердин түпкү максаты болуп саналат. Сиздин керектөө каалоолоруңуз – бул сиздин оюңуз боюнча жашоого болгон канааттанууңузга түздөн-түз салым кошкон нерселер. “Керектөө товарлары” болсо, өз кезегинде, сиздин оюңуз боюнча сиздин керектөө каалоолоруңузду түздөн-түз канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн берген товарлар (жана кызматтар) болуп саналат.
Жашоого болгон канааттанууга салым кошкон белгилүү нерселердин бири күн сайын эс алып, уктоо үчүн ыңгайлуу жай болуп саналат. Ошентип, сиз үй сатып алып же ижарага алып, аны тиричилик техникалары жана эмеректер менен жабдыйсыз, алардын баарын түздөн-түз колдоносуз. Сиздин үйүңүз, тиричилик техникаларыңыз жана эмеректериңиз керектөө товарларыңызга кирет. Негизи, айталы, керебетиңиз иш жүзүндө эртеси күнү натыйжалуураак иштешиңиз үчүн даярданууга жардам бергени менен, керебетиңизди өндүрүш каражаты катары карабайсыз. Сиз керебетиңизди жумушуңуздагы көрсөткүчтөрүңүздү жакшыртуу үчүн сатып албайсыз. Тескерисинче, сиздин жумуштагы мыкты көрсөткүчүңүз сиз үчүн башка керектөө товарлары менен бирге ыңгайлуу керебет сатып алуунун жолу деп айтуу чындыкка алда канча жакын болот.
Эч качан эки адамдын табити менен каалоолору бирдей болбойт. Сиз туурасы кененирээк керебетти жактырышыңыз мүмкүн, ал эми мен туурасы кичирээк өлчөмүн жактырам. Бирок ар бир адамдын керектөө каалоолору болот. Жана ар бир адамды дал ошол каалоолор экономикалык ишмердүүлүккө, башкача айтканда, иштөөгө жана алмашууга түртөт. Иштөө жана алмашуу көбүнчө ал эмгек менен эмне жасалганына же ал алмашуудан эмне алынганына карабастан, түздөн-түз канааттануу алып келиши ыктымал. Бирок иштөө жана алмашуу – бул негизинен керектөө товарларына жана кызматтарына жетүү каражаты.
Мен жумушун жакшы көргөн көп адамдарды билем, анын ичинде өзүм да бармын. Бирок жумушун ушунчалык жакшы көргөндүктөн, акы төлөбөсө да иштей бере турган адамды эч качан жолуктурган жокмун. Ал тургай, адамдардын жакшы көргөн иштери да максат эмес, каражат болуп саналат.
Анын сыңарындай, чоң атам да, атам да жыгач усталыкты хобби катары жакшы көрүшчү, азыр уулум да. Бирок мен алардын эч биринин усталык аракеттеринин акыркы физикалык натыйжаларына кайдыгер караганын көргөн жокмун. Ал кишилердин баары буюмдарды, ашканада колдонулган кесүүчү тактайларды, китеп текчелерин, үй буюмдарын жасоо үчүн иштешчү жана бүткөрүлгөндөн кийин канааттануу сезимин сезишчү. Алардын эч бири араалоо, балка менен кагуу, жылмалоо, тешүү же желимдөө иштерин максатсыз, жөн гана жасай беришчү эмес. Жыгач усталыктын натыйжасы алар күткөндөн начар болуп калган сейрек учурларда, айталы, китеп текчеси түз эмес же кесүүчү тактайдын көрүнүшү жагымсыз болуп калганда, алардын көңүлү чөкчү. Алар жыйынтыгы начар болуп калган нерселерди жасоого кетирген убакыт жана аракеттерин текке кетти деп эсептешчү.
Ошондуктан, бул чындыктын негизинде экономист “өндүрүш – бул жөн гана адамдардын ресурстарды өнүмгө айландыруу аракеттери эмес” деген жыйынтыкка келет. Өндүрүш – бул нарк жаратуу, ал эми “нарк” болсо керектөөчүлөрдүн бакубаттыгынын өсүшү дегенди билдирет. Экономист үчүн өндүрүш менен керектөө – бир экономикалык тыйындын эки тарабы, бирөөсүн экинчисинен ажыратууга болбойт. Белгилүү болгондой, бир нерсе алгач өндүрүлмөйүнчө, аны керектөө мүмкүн эмес. Ошол эле учурда байкоо бир аз кыйыныраак болгон дагы бир нерсе бар: керектөө каалоолорун канааттандырууга арналбаган эч нерсе өндүрүлбөйт.
Экономист эмес адам көбүнчө өндүрүш жана керектөө түшүнүктөрүнүн бири-биринен ажырагыс экендигин байкабайт. Экономист эмес адам көбүнчө өндүрүш менен керектөөнү альтернативдүү, атаандаш баалуулуктардай элестетет. Мен экономисттерди, өзгөчө эркин рынокту колдогон экономисттерди адамдарга карата үстүртөн же ашыкча материалисттик көз карашта деп айыптагандарды канча жолу укканымды же окуганымды санап чыга албайм. Бизге “жашоо – бир гана керектөө эмес!” дешет. “Адамдар үй-бүлөдөн, коомдон жана жумуштан жашоонун маанисин табышат!”
Көптөгөн экономист эместер үчүн “керектөө” деген сөз бир гана физикалык каалоолорду канааттандыруу деген мааниге келет. Бул сөз бул жерде дээрлик терс маанини туюнтат; ал өзүмчүлдүк жана тар түшүнүк менен өзүнүн “төмөн” каалоолорун канааттандырган, өзүнөн башка адамдарга жана жакын туугандарына кам көрбөгөн же сезимдик канааттануудан башка баалуулуктар тууралуу ойлонбогон адамдардын образын элестетет.
Мындай “керектөө” түшүнүгү менен караганда жашоо чындап эле бир гана керектөөдөн турбайт, ал алда канча, эбегейсиз кенен. Бирок, дагы бир жолу, мындай “керектөө” түшүнүгү экономисттердин түшүнүгүнө такыр дал келбейт. Экономисттердин түшүнүгү боюнча, керектөө бир гана тамактануу, суперкубокту көрүү жана зер буюмдар менен жасануу эмес. Керектөө, мындан тышкары, коопсуз жана гүлдөп өнүккөн коомдордо жашоодон алган канааттанууну, жумуштан жана кошуналар, чиркөөнүн мүчөлөрү, ошондой эле, жумуштагы кесиптештер менен баарлашуудан алган ырахаттанууну да камтыйт. Ага саякаттоодон, окуудан жана ачык лекцияларга катышуудан алынган кубаныч жана билим да кирет.
Экономисттердин түшүнүгү боюнча, керектөө – бул биздин жашообузду көбүрөөк көркүнө чыгарат деп күтүлгөн иш-аракеттердин жыйындысы. Өндүрүштүн керектөөнү канааттандыруунун зарыл каражаты экендиги талашсыз чындык. Ошондуктан өндүрүш каражат, ал эми керектөө максат болгондуктан, керектөөнүн “коомдук баалуулугу” менен өндүрүштүн “коомдук баалуулугунун” ортосунда карама-каршылык жок. Көбүрөөк керектөө көбүрөөк өндүрүштү талап кылат, ал эми көбүрөөк өндүрүш көбүрөөк керектөөгө шарт түзөт.
Ушул себептен эч ким чындыгында өндүрүш иш-аракеттеринин баалуулугу жогорураак, керектөө иш-аракеттеринин баалуулугу болсо төмөнүрөөк деп эсептегиси келбейт; көбүрөөк өндүрүш сөзсүз түрдө көбүрөөк керектөөнү камсыз кылуу дегенди билдирет. Биз “жогорку өндүрүмдүүлүгү” үчүн сыймыктанган адамдарга өздөрүнүн керектөөсү же башка адамдардын керектөөсү үчүн көбүрөөк товар жана кызматтарды өндүргөнү үчүн сыймыктанышат. Биз көптөн бери, талыкпай эмгектенген жумушчунун чечкиндүүлүгүнө жана чеберчилигине суктансак да, жыйынтыгында бул суктануу мындай чечкиндүүлүктү жана чеберчиликти колдонуунун жогорку өндүрүмдүү натыйжага алып келээрин түшүнүүбүздөн келип чыгат, ал болсо керектөө каалоолорун камсыз кылат. Көпкө талыкпай эмгектенип жыгачтын таарындыларынан жана личинкалардан мыкты пирог бышырган жумушчуга эч ким суктанбайт, анткени ал жумушчу адамзаттын керектөө мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорулашына эч кандай салым кошпойт.
“Өндүрүү” дегенде “адамдардын керектөө мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорулашын” түшүнөбүз, демек Адам Смит туура айткан: керектөө чындап эле өндүрүштүн бирден-бир мүдөөсү жана максаты болуп саналат.
Бул макала “Creative Commons Attribution 4.0” эл аралык лицензиясынын негизинде Дональд Дж. Будро жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.