Skip to content
Home
Home
Who we are
What we do
Get the book

Шервуд токойунан Уолл-стритке: балдар адабиятындагы экономикалык түшүнүктөр

Фридрих Науманн эркиндик фонду

Макроэкономика балдардын оюну эмес, бирок ал балдар адабиятынын темасы болушу мүмкүн. Албетте, көпчүлүк адамдар адилеттүү бөлүштүрүү темасы менен биринчи жолу Робин Гуддун Ноттингем шерифине каршы кресттик жортуулу аркылуу таанышышат деп айтсак аша чапкандык болбойт. Башка китептерде да көптөгөн экономикалык ойлор камтылган, анын ичинде Том Сойердин ишкердик эрдиктери же Пеппи Узун байпактын кагаз акчаны жактырбашы (атасынан кандайдыр бир жол менен алган алтын дилделерден айырмаланып).

Фридрих Науманн эркиндик фондунун жаңы изилдөөсүндө балдар жана жаштарга арналган китептерде экономикалык темалардын кандайча камтылганы терең каралган. Ганс Юрген Шлёссер, Майкл Шухен жана Хелен Шлёссер Дэвид Копперфильд жана Том Сойер сыяктуу классиктерди, ошондой эле акыркы бестселлерлерди жана илимий-популярдуу чыгармаларды изилдешкен. Алардын үч кылымдык балдар жана өспүрүмдөр адабиятын камтыган изилдөөсүндө жалпы темалар, эскирген клишелер жана экономикалык темаларга педагогикалык жактан кароонун ар кандай мисалдары ачып көрсөтүлгөн. Ошондуктан изилдөөнүн толук варианты экономиканын дидактикасына кызыккан адамдар үчүн эле эмес, туулган күнгө ылайыктуу белек издеген ата-энелер үчүн да пайдалуу колдонмо боло алат.

Изилдөөнүн авторлору: «балдар жана өспүрүмдөр адабияты экономикалык түшүнүктү эрте куракта калыптандырат», - деп жыйынтыкташат. Пайдага, байлыкка жана атаандаштыкка болгон мамиле биринчи кезекте адабий оң жана терс каармандар менен жолуккан учурда калыптанат. Көпчүлүк учурларда экономикалык түшүнүктөр үстүртөн гана каралат: акчага жетүү оңой, байлык болсо чексиз.

Кээ бир китептер болсо көп нерсени үйрөтөт. Мисалы, Чарльз Диккенстин шедеври «Дэвид Копперфильд» 19-кылымдагы социалдык жана экономикалык шарттарды мыкты чагылдырат, ал эми «Робинзон Крузо» адамдын тапкычтыгын жана технологиялык прогрессти даңазалайт. Ошол сыяктуу, «Гарри Поттер», «Молли Мун» жана «Кереметтүү гүлдөр дүкөнү» акча алмаштыруу, сатып алуу келишимдери жана башка экономикалык мамилелердин көптөгөн мисалдарын талкуулайт.

Акыркы кездери адабий чыгармалар ачык-айкын тарбиялык максаты бар көркөм китептер менен толукталууда. Мисалы, экономикалык журналист Николаус Пайпер жаш окурмандарды ата-эненин май куюучу жайынан биржага алып барат, ал эми Лара Брайан менен Энди Прентис болсо жаштарды Нобель сыйлыгынын лауреаты, экономист Элинор Остром жана коомдук ресурстар көйгөйү менен тааныштырат.

Ата-энелер менен мугалимдердин тандоо мүмкүнчүлүгү абдан көбөйдү.

«Кээ бир эмгектер эркин рынокту колдосо, башкалары капитализмди жана ааламдашууну катуу сындайт» деп белгилешет авторлор. «Сын менен караган эмгектерде бизнесмендер жагымсыз сөздөр менен сыпатталат. Мындай чыгармалардын иллюстрацияларында бизнесмен көбүнчө тамеки чегип жаткан киши катары чагылдырылат. Байлык менен пайда мыйзамдык жол менен алынып-алынбаганына жараша сындалышы керек».

Идея жана концепциялар менен бала кезде таанышуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген изилдөөлөргө таянсак, мындай сүрөттөөлөргө олуттуу мамиле кылуу керек. Ишкердүүлүк тууралуу клишеге негизделген түшүнүктөр бой жеткенде эркин рынокко карата кастыкка айланышы мүмкүн. Тескерисинче, эрте куракта экономикалык түшүнүктөрдү мыкты өздөштүрүү кийинчерээк чоң киреше алып келиши ыктымал. Кандай болгон күндө да, экономикалык сабаттуулук сыйкырчылык эмес.

Бул макала Фридрих Науманн эркиндик фонду тарабынан тартууланды.

Макаланы бөлүшүү