СССРдин кулашы айлана-чөйрө үчүн эң жакшы нерселердин бири болгон
Эгер сиз Советтер Союзунун экономикалык тарыхын окусаңыз, анда айыл чарбада «жеке» секторго өтө аз нерсеге уруксат берилгенин көрөсүз. Айдоо аянттарынын 3%ын түзгөн жеке менчик чакан жер тилкелери картошканын, жашылчанын, эттин, сүттүн жана жумуртканын 39%дан 66%га чейинкисин өндүргөн. Калган жерлер жана өнүмдөр совхоздорго же колхоздорго таандык болгон. Бул мамлекеттик секторго салыштырмалуу жеке сектордун натыйжалуулугунун абдан жогору экенин ырастайт. Бирок СССРдин жеке чарбалары да натыйжалуулугу жагынан башка өлкөлөргө салыштырмалуу начар болгон.
СССР тараганда айыл чарба өндүрүшү да бүлгүнгө учурады. Батыштан азык-түлүк импорту болсо кескин жогорулады. Бир окумуштуу айткандай, «чет элдик азык-түлүк чийки зат түрүндө да, кайра иштетилген түрдө да Россиянын базарын каптап кетти». Гектарлаган эгин талаалары кароосуз калып, токойлор менен өсүмдүктөр калыбына келди, муну биз айлана-чөйрө үчүн түздөн-түз пайда деп эсептесек болот.
Ошондой эле, кыйыр таасири да болду. Токойлордун жана чөп өсүмдүктөрүнүн көбөйүшү көмүртектин секвестрациясына шарт түзөт. Токойдун өсүшү аркылуу көмүртектин секвестрациясы деп өсүп жаткан бак-дарактардын атмосферадан көмүр кычкыл газын сиңирип, фотосинтез аркылуу аны биомассага айландырып, өзүнүн кыртыштарында сактоо жана ал аркылуу парник газдарынын таасирин азайтып, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга салым кошуу процесси айтылат. Мурдагы СССРдин аймагында кароосуз калган айдоо жерлердин масштабы ушунчалык чоң болгондуктан, кээ бир окумуштуулар бул континенталдык жана глобалдык көмүртек балансына таасир тийгизген деп белгилешет. Негизинен бул көмүр кычкыл газын сиңирип, глобалдык парник газдарынын эмиссиясынын кесепеттерин белгилүү өлчөмдө жумшарткан.
Сиңирүүнүн масштабы канчалык болгон? Бир изилдөө көрсөткөндөй, 1990-жылдан 2017-жылга чейин Орусия, Беларусь жана Украинада көмүртектин сиңирилиши 1 гигатоннаны түзгөн. Россия менен Казакстанды гана караган башка бир изилдөө болжол менен ушундай эле натыйжаларды тапкан жана «жыл сайын Россия менен Казакстанда учурда казылып алынган отундан чыккан эмиссиянын тиешелүү түрдө болжол менен 36%ын жана 49%ын компенсациялоого» жетиштүү деп белгилеп, анын маанисин чагылдырган.
Бул көрсөткүчтөр СССРдин кулашынын климаттын өзгөрүшүн жумшартуу боюнча укмуш арзан «саясат» болгонун көрсөтөт. Чынында эле, кесепеттердин жумшартылышы экономикалык өсүш үчүн чыгым эмес, артыкчылык болгон (б.а. жумшартуу саясаты азыркы учурда азыраак булгоонун пайдасына тете өлчөмдө чоң чыгымдарды талап кылууда). Советтик өлкөлөрдөгү кирешелердин статистикасы эреже катары шарттарды ашкере баалаган жана бул жалпы коммунисттик өлкөлөргө мүнөздүү болгон, ошондуктан, кыйроодон кийинки төмөндөө анчалык чоң болгон жок жана баары калыбына келди. Андан бери жашоо деңгээли мурункудан жакшыраак болуп калды. Ошентип сыягы, кыйроо экономикалык өнүгүүгө шарт түздү жана климаттын өзгөрүшүн жумшартты.
Жана эми сиз үчүн кошумча оптимизм дозасы: бул дагы кайталанышы мүмкүн!
Ооба, кайра кулай турган Советтер Союзу жок. Бирок, жерди ашыкча пайдаланууга үндөгөн жүздөгөн айыл чарбасын колдоо чаралары бар. Чынында эле, ар кандай айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча OECD уюмунун маалыматтарын карап көрөлү. Мамлекеттик колдоонун деңгээли жогору жана барган сайын өсүүдө. Бул колдоо чараларын токтотуу айыл чарба фирмаларын өз ыкмаларын өзгөртүп, жерди азыраак колдонууга аргасыз кылмак. Бул СССР кулагандан кийинки окуяларды кайталоо мүмкүнчүлүгүн берет жана салык төлөөчүлөрдү колдоо чараларына жумшалган чыгашалардын жүгүнөн бошотуу аркылуу кошумча пайда да алып келет.
Чындыгында, OECD уюмунун ошол эле маалыматтары, мындан тышкары, Европа мамлекеттеринин башка тармактарга караганда мал чарбачылыгын көбүрөөк колдоорун көрсөтүүдө. Натыйжада башка түрлөрүнө караганда айыл чарбанын бул түрүнөн көбүрөөк өндүрүш алынууда жана айыл чарбанын бул түрү глобалдык парник газдарынын эмиссиясынын чоң үлүшүн түзөт (өзгөчө алардан алынган калорияларга салыштырганда). Субсидияларды токтотуу айыл чарбанын өзгөчө булгоочу түрүнө бөгөт койот жана ошол эле учурда салык төлөөчүлөрдү натыйжасыз өндүрүүчүлөрдү колдоо зарылдыгынан куткарат.
Мунун баарында бир жөнөкөй сабак бар. Климаттын кесепеттерин жумшартуу боюнча бардык саясаттар эле өкмөттүн көбүрөөк кийлигишүүсүн же мамлекеттик каражаттарды талап кыла бербейт. Бир топ натыйжалуу боло ала турган кээ бир саясаттар болгону өкмөттөрдүн артка чегинүүсүн гана талап кылат.
Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Винсент Джелозу жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.