Skip to content
Home
Home
Who we are
What we do
Get the book

Соода эки жол менен байлык жаратат

Арт Карден

Биз ушунчалык көп соода кылгандыктан, аны ойлонбой да калганбыз. Ал күнүмдүк көрүнүшкө айланган. Эгер сиз муну окуп жатсаңыз, анда чөнтөгүңүздө дээрлик каалаган нерсеңиздин баарын сатып алып, аны босогоңузга чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгүн берген суперкомпьютериңиз жок бир дүйнө сизге чоочун болушу керек.

Соода байлыкты жаратат. Адамдар үчүн баалуу болгон нерселердин баарынын байлык экенин унутпаңыз. Бул жаңы нерселерди жаратпай туруп, эски нерселерди жаңы колдорго өткөрүү менен да байлык жарата аласыз дегенди билдирет.

Сиз “бир адамдын таштандысы экинчи адамдын байлыгы” деген афоризмди уккан чыгаарсыз. Соода таштандыны бир колдон алып, экинчисине өткөрүү аркылуу байлыкка айлантат.

Муну мындайча ойлонуп көрүңүз. “Секонд-хенд” дүкөнүнөн чындап сонун бир нерсе алган учуруңуз болду беле? 2017-жылы күзгү семестрде макроэкономикадан сынак тапшыраардан бир күн мурун кечинде аялым менен бир секонд-хенд дүкөнүнө бардым. 1995-жылдан калган эски Бирмингем Барракудас командасынын футболкасын таап алдым. Барракудалардын ким экенин билбесеңиз, жалгыз эмессиз. Алар Бирмингемдин Канада футбол лигасынын 1990-жылдардагы чек аранын түштүгүндөгү аракетинин каражолтой катышуучулары болушкан. Бир сезон туруштук беришкен. Эстешимче футболканы 2 долларга алдым. Аны 5 долларга кубануу менен алмакмын. Жаңы кийим тиккен жокпуз, бирок Барракудастын футболкасын алганымда коомдун байлыгы өстү.

Эң негизгиси, бирөө ал үчүн акча алды. Секонд-хенд дүкөндөрү бир аз башкачараак, анткени алар адатта коммерциялык эмес уюмдар болушат, бирок секонд-хенд дүкөнүндөгү адамдар мен каалаган нерсе мен каалаган убакта колдорунда болгону үчүн баалуулук (нарк) жаратышты. Дүкөндүн жетекчилеринин жана жумуш берүүчүлөрүнүн кирешеси байлык жаратууга кошкон салымынан көз каранды. Буюмдарды алар үчүн баалуулугу төмөнүрөөк болгон адамдардан алып, баалуулугу жогорураак болгондорго берүү – сооданын байлык жаратуусунун маанилүү бир жолу.

Сооданын байлык жаратуусунун башка бир жолун көрсөткөн жана алп Джейсон Момоанын эмне үчүн жансакчылары бар экенин түшүндүргөн жөнөкөй бир мисал. Хан жана Лэндо аттуу эки адам бар. Эки товар өндүрө алышат: алма жана апельсин. Хан бир жылда 100 миң алма же 50 миң апельсин өндүрө алат. Лэндо 200 миң алма же 400 миң апельсин өндүрө алат. Бул жердеги “же” деген сөз маанилүү. Ал “жана” дегенди билдирбейт. Хан көбүрөөк алма өндүрүүнү чечсе, азыраак апельсин өндүрүүгө туура келет жана тескерисинче. Бул Лэндого да тиешелүү.

Лэндо өзгөчө жөндөмдүү дыйкандай көрүнөт. Ал Ханга караганда көбүрөөк алма өндүрө алат. Ал Ханга караганда көбүрөөк апельсин да өндүрө алмак. Экономиканын тили менен айтканда, ал алмада абсолюттук артыкчылыкка ээ (бир жылда салыштырмалуу көбүрөөк өндүрө алат) жана апельсинде да абсолюттук артыкчылыкка ээ (бир жылда салыштырмалуу көбүрөөк өндүрө алат).

Көпчүлүк коомдук серепчилер эң терең талдаганда ушул жерден токтошот. Лэндо Хан менен соода кылуудан эч нерсе таба албайт, анткени ал алмада да, апельсинде да абсолюттук артыкчылыкка ээ. Эгер өндүрүмдүүлүгү жогору Лэндолордон турган бир коом жана өндүрүмдүүлүгү төмөн Ганстардан турган экинчи бир коом болгондо, көпчүлүк серепчилер Ганстар Лэндолор үчүн коркунуч туудурат деген тыянакка келишмек.

Бирок андай эмес. Сиз азыр байкай турган нерсе сиздин дүйнөңүздү да козгойт болушу керек, менин дүйнөмдү дээрлик күн сайын козгогондой.

Келиңиз, Лэндо үчүн алма жана апельсин өндүрүүнүн чыгымы канча жана Хан үчүн алма жана апельсин өндүрүүнүн чыгымы канча экенин карап көрөлү.

Мунун чыныгы маңызын ушул жерден түшүнөбүз. Ал үчүн мүмкүнчүлүк чыгымын эсептешибиз керек. Ал бир нерсени кылууну чечип, башка нерседен баш тартканыңызда ошол мүмкүнчүлүктүн чыгымын көрсөтөт. Биздин мисалда алмалардын мүмкүнчүлүк чыгымы – апельсиндер, апельсиндердин мүмкүнчүлүк чыгымы болсо – алмалар. Колубузда Хан менен Лэндонун өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сандык маалыматтар бар болгондуктан, муну так эсептей алабыз.

Мүмкүнчүлүк чыгымы – бул, бир нерсени алуу үчүн баш тарткан экинчи бир нерсеңиз. Хандын апельсин өстүрүүсүнүн мүмкүнчүлүк чыгымын табуу үчүн, ал баш тарткан алмалардын санын алган апельсиндеринин санына бөлүү керек. Ал 50 миң апельсин алуу үчүн, 100 миң алмадан баш тартат, демек Хан үчүн ар бир апельсин эки алмага барабар. Хандын алма өстүрүүсүнүн мүмкүнчүлүк чыгымы да ушундай эле эсептелет. 100 миң алма алуу үчүн баш тартышы керек болгон 50 миң апельсинди бөлүңүз. Бул Хан үчүн алма өндүрүүнүн мүмкүнчүлүк чыгымынын жарым апельсинге барабар экенин көрсөтөт.

Лэндо үчүн да ушундай эле эсептөөлөрдү жасай алабыз. Ал 200 миң алма алуу үчүн, 400 миң апельсинден баш тартат, демек ар бир алма ал үчүн эки апельсинге барабар. Ал 400 миң апельсин алуу үчүн 200 миң алмадан баш тартат, демек ар бир апельсин ал үчүн жарым алмага барабар.

Эми биздин колубузда экөөнүн тең мүмкүнчүлүк чыгымдары бар, келиңиз салыштырып көрөлү. Хандын апельсин өстүрүүсүнүн мүмкүнчүлүк чыгымы эки алмага барабар. Лэндонун апельсин өстүрүүсүнүн мүмкүнчүлүк чыгымы болсо жарым алманы түзөт. Лэндонун чыгымы эң төмөн, демек ал апельсин өстүрүүдө салыштырмалуу артыкчылыкка ээ. Жана тескерисинче, Хандын алма өстүрүүсүнүн мүмкүнчүлүк чыгымы жарым апельсин болсо, Лэндонун алма өстүрүүсүнүн мүмкүнчүлүк чыгымы эки апельсинге барабар. Бул учурда алма өстүрүүдө Хандын чыгымы эң төмөн, ошондуктан ал алмада салыштырмалуу артыкчылыкка ээ.

Соодага макул болуу менен, Хан менен Лэндо жалгыз иштегенге караганда көбүрөөк алма жана апельсин ала алышат, же белгилүү сандагы алма менен апельсинди соода кылбаганга караганда азыраак күч жумшап ала алышат.

Мүмкүнчүлүк чыгымдарын билсек, ар бир адамдын соода кылууга даяр болгон бааларын эсептей алабыз. Ханды (апельсинге) алма сатат жана Лэндону болсо (апельсинге) алма алат деп элестетиңиз.

Лэндо алма алууну каалады дейли. Анын чечими тууралуу ойлонуп көрөлү. Алманы өзү өстүрсө да болот. Өзү өстүрсө, ал үчүн ар бир алманын чыгымы эки апельсинди түзөт.

Анын альтернативасы – убактысын, күчүн жана көңүлүн апельсин өстүрүүгө жумшап, анан өстүргөн апельсиндеринин бир бөлүгүн Хан өстүргөн алмаларга алмаштыруу. Эгер ал Ханды бир алмага эки апельсинден төмөнүрөөк баага көндүрө алса, ал өзү өстүргөнгө караганда арзаныраак баадан алма ала алат.

Бирок бул бир аз убакытты талап кылат. Кантсе да, Хан алданып калгысы келбейт, туурабы? Бирок бул жерде бир нерсе бар: Лэндо ага туура бааны сунуштаса, Хан алданбайт.

Анда туура баа канча болот дейсизби? Хан үчүн ар бир алманын мүмкүнчүлүк чыгымы жарым апельсинге барабар. Эгер Лэндо ар бир алмага жарым апельсинден көбүрөөк сунуштаса, Ханга соода пайдалуу болот. Лэндо ага бир алмага бир апельсин сунуштады дейли. Хан алманы жарым апельсиндин баасына өндүрүп, анан ал алманы бир апельсинге алмаштырат. Натыйжада жарым апельсин таза утушка ээ болот.

Бирок эмне үчүн Лэндо мындай сунуш берүүгө даяр болсун? Алманы өзү өстүрсө ал үчүн канча чыгымга тураарын эстеңиз. Ар бир алманын чыгымы ал үчүн эки апельсин болмок. Эгер анын ордуна, апельсин өстүрүп, аны Хандын алмасына алмаштырса, анда алманы өзү өстүрүүнүн ордуна, апельсинде адистешип, алмага алмаштыруу аркылуу бир апельсин үнөмдөйт.

Алма өстүргөн Хан Лэндо менен соода кыла алганы үчүн көбүрөөк алмалуу жана апельсиндүү болот. Алманын кардары Лэндо Хан менен соода кыла алганы үчүн көбүрөөк алмалуу жана апельсиндүү болот.

Бул жерде эч кандай амалкөйлүк да, колдун шамдагайлыгы да, алма өстүрүүнүн жаңы сырдуу технологиясы да же генетикалык өзгөрүү да жок. Болгону эки адам бири-бири менен соода кыла баштады жана эми өз-өзүнчөгө караганда, чогуу көбүрөөк нерсеге жете алышууда.

Алар кайсы баага макул болушат? Алманын “апельсинге карата” баасы 0,5тен 2ге чейин болсо, экөөнө тең пайдалуу болот. Көптөгөн алуучулардан жана көптөгөн сатуучулардан турган атаандаштык рыногунда баалардын кандай болоорун атаандаштык аныктайт.

Бул төрт маанилүү жагдайды чагылдырат:

1. Сатуучулар кардарлар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү үчүн башка сатуучулар менен атаандашат: Хан Лэндо менен кызматташуу үчүн бардык башка сатуучулар менен атаандашат. Лэндонун күчтүү укугу бар: “жок” деп айтуу укугу, бул Лэндого алмаларын саткысы келсе, Хан шашылышы керек дегенди билдирет.

2. Кардарлар сатуучулар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү үчүн башка кардарлар менен атаандашат. Лэндо Хандын товарлары үчүн бардык башка сатып алуучулар менен атаандашат. Эркин рынокто Ханда да Лэндодогу сыяктуу күчтүү укук бар: “жок” деп айтуу укугу, бул Хандын алмаларын алгысы келсе, Лэндо шашылышы керек дегенди билдирет.

3. Сиз бейтааныш адамдарды алар үчүн иштөө аркылуу өзүңүзгө кызмат кылдырасыз. Башкача айтканда, сиз алардын кызыкчылыгын көздөө аркылуу аларды сиздин кызыкчылыгыңызды көздөөгө көндүрөсүз.

4. Бизнестин бир сабагы: адамдар ресурстарды төмөнүрөөк баалуу жерде колдонуудан жогорураак баалуу жерде колдонууга жылдыруу аркылуу нарк жаратышат. Биздин мисалда Хан өзүнүн убактысынын көбүн алма өстүрүүгө жумшоо аркылуу нарк жаратат жана Лэндо көбүрөөк убактысын апельсин өстүрүүгө жумшоо аркылуу нарк жаратат.

Аягында алма рыногу тең салмактуулукка жетет, жана бир жаңычыл пайда болуп, алма арабасын көңтөргөнгө чейин ошол жерде калат.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Арт Карден жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.

Макаланы бөлүшүү