Skip to content
Home
Home
Who we are
What we do
Get the book

Велюр пардалар жана Мизестин акылмандыгы

Кимберли Джозефсон

Экономикалык принциптер айланабызда бүт тарапта иштейт, болгону кайдан издей турганыбызды билсек эле.

Өмүрүмдө короткон акчаларымдын эң жакшысы кызгылт велюр пардаларды сатып алуу болгон. 2003-жыл болчу, ал кезде чет өлкөдө Англияда окуп жаткам, акча каражатым аз жана чет өлкөдө жашаганга даярдагым начар эле. Эки классташым менен бирге Улуу Британияга барганымда, жата турган жерим тууралуу менде чыныгы кепилдик жок болчу, бирок жаш кезиңде баарын чече алам деп ойлойсуң.

Ага чейин кампустун аймагында жайгашуу мүмкүнчүлүгү болгон жалгыз вариантты четке кактым, себеби анын акысы өтө кымбат сезилди, ошондуктан өз алдымча жакшыраагын таба алам деп ойлодум жана берки эки студентти мага ишенгиле деп ынандырдым. Бир топ оор сапардан соң, көпкө издеп отуруп аягында батир таптык жана акчабыздын маанилүү бөлүгүн үнөмдөдүк. Бирок биздин чечимибизден улам, кампустан алыс жашай турганыбызды эске алганда, коомдук транспортко төлөө сыяктуу башка чыгымдар пайда болду.

Батирдин ижара акысынын мынчалык төмөн болушунун себептеринин бири анын шаардын четинде жайгашышы болгон, экинчи себеби батирде эч нерсе жок эле: телевизор, интернет, идиш жуугуч машина, кир жуугуч машина эч бири жок, болгону бир канча эмерек бар болчу. Ошондой эле, анда кампустун аймагындагы турак жайларда боло турган кандайдыр бир негизги муктаждыктар, мисалы төшөнчүлөр да жок эле.

Бул мени кызгылт пардаларга алып барды. Түндөрү суук болчу, бирок мен өзүмдү жаңы төшөнчүгө акча коротконго мажбурлай алган жокмун, анткени аны сапардан кайтканда чемоданга батпаганы үчүн алып кете алмак эмесмин. Мен сатып ала турган нерселердин баары ишке жарамдуу, бирок ошол эле учурда бир жолу колдонулуучу болушу керек эле. Ошондуктан төшөнчү издегендин ордуна, мени жылыта турган нерсени гана издедим. Мен анын эмнелигине эмес, эмне кызмат аткарышы керек экенине басым жасадым. «Титаник» тасмасын көргөндөрдүн баары Кейт Уинслет ойногон каарманды куткаруучу кайык эмес, эшик сактап калганын билишет, ага болгону сүзө турган бир нерсе гана керек болчу.

Сатып алуу жөндөмүбүз жогору болгондо, биз көбүнчө каалоолорубузга, стилибизге жана статусубузга карап көбүрөөк коротобуз. Бирок акча тартыш болгондо, биз адатта негизги муктаждыктарыбызга көңүл бурабыз жана бул жакшы нерсе болушу мүмкүн! Аткара турган кызматына карап сатып алууда биз тапкыч болуп, ысырапты азайтабыз жана чыгашаларыбыз менен үнөмдөөлөрүбүздү чындап стратегиялык жол менен башкарабыз.

Мен 4 фунтка (болжол менен 4 долларга) эң жылуу жамынчы сатып алдым: аймактагы дүкөндөн калың кызгылт велюр парданы. Аны кир жуучу жайда жуудурганга бир нече фунт көбүрөөк төлөсөм да, мен аны алганыма абдан кубандым. Ал арзан болчу, өз кызматын аткарды жана титиреген суук түндөр үчүн өзгөчө чечим болду.

Азыр чоң бир нерсе сатып алаарда адаттан тышкары ойлонуу керек болгондо, мен ошол парданы эстейм. Жана бул мага жакшы кызмат кылды, бул таң калыштуу эмес, анткени менин акча үнөмдөө стратегияларым Карл Менгердин австриялык окууларына жана Людвиг фон Мизестин праксиологияны колдонуу ыкмасына шайкеш келет.

Кыскасы, австриялык ой жүгүртүү мектебинен кандай тыянактарды чыгарууга болот? Анын негизги идеяларынын кээ бирлери төмөнкүдөй:

  1. Товарлардын жана кызматтардын экономикалык баалуулугу субъективдүү: мен үчүн парданын баалуулугу анын жылуулугунда жана салмагында болчу, терезеде илинип турушунда эмес.
  2. Мүмкүнчүлүк чыгымы маанилүү: жашаган батиримди ыңгайлуу кылып пайда албаганым менен, акчамдын көпчүлүк бөлүгүн саякаттарга жана Европа менен таанышууга коротуп пайда алдым. Тиричилик чыгымдарынан үнөмдөө аркылуу саякаттарга көбүрөөк корото алдым.
  3. Ресурстардын тартыштыгы чыгармачылыкка түрткү бериши мүмкүн: эгер менин батирим эмерек менен толук камсыздалып, бардык муктаждыктарымды канааттандырганда, мен адаттан тышкары чечимдерди издеп ойлонмок эмесмин.
  4. Рынок чындыгында ишкердүүлүк процесси болуп саналат (бул көз карашты көптөгөн австриялык экономисттер жакташат) жана биз ишкер жандарбыз. Варианттар ачык же чектелүү болгондо эч качан кабыл албаңыз. Эгер мен кампустун аймагындагы турак жайды тандаганымда, мен канчалаган сонун эскерүүлөрдү жана мүнөзүмдү калыптандырган тажрыйбаларды (мисалы, ваннада кийимдеримди жууганды үйрөнүү же трамвай токтоп калып жөө калганда жолду адашпай табуу, же болбосо телешоулорду көрүүнүн ордуна кантип кызыктуу маек куруу сыяктуу) өткөрүп жибермекмин.

Акыр-аягы, баалуулук ар кандай болушу мүмкүн, бирок сиз муктаждыкты чындап камсыздаган нерсени сатып алганыңыз үчүн эч качан өкүнбөйсүз жана муктаждык качан канааттандырылганын керектөөчү чечет. Капиталисттик системада керектөөчү чындап эркин болот жана муну Мизес 1944-жылы жарык көргөн «Бюрократия» аттуу эмгегинде туура белгилеген:

Рыноктук экономиканын капиталисттик системасында чыныгы жетекчилер керектөөчүлөр болуп саналат. Алар сатып алуу же сатып алуудан баш тартуу аркылуу капитал кимдин колунда болоорун жана заводдорду ким иштетээрин чечишет. Алар эмнени, кандай санда жана кандай сапатта өндүрүү керек экенин аныкташат. Алардын мамилеси ишкерге пайда, же болбосо чыгым алып келет. Алар кедей адамдарды байга, бай адамдарды кедейге айландырышат.

Керектөөчүлөр ырайымсыз. Алар эч качан натыйжалуулугу төмөнүрөөк өндүрүүчүгө пайда алып келип, аны жакшыраак башкара албаганынын кесепеттеринен коргоо үчүн сатып алышпайт. Алар мүмкүн болушунча эң жакшы тейлөөнү каалашат. Ал эми капиталисттик системанын иштеши ишкерди керектөөчүлөрдүн буйруктарын аткарууга мажбурлайт.

Керектөөчүлөр оңой жетекчилер эмес. Алардын наздары жана кыялдары көп, жана өзгөрүлмө, белгисиз болушат. Аларды мурунку жетишкендиктер кызыктырбайт. Аларга жакшыраак же арзаныраак бир нерсе сунушталаар замат, мурдакы жабдуучуларды таштап кетишет. Алар үчүн өзүнүн канааттануусу биринчи кезекте турат. Аларды капиталисттердин жеке кызыкчылыктары да, мурда сатып алган нерселерин мындан ары сатып алышпаса, жумушсуз кала турган жумушчулардын тагдыры да кызыктырбайт.

Бул темалардын күнүмдүк жашоодо ушунчалык көп кездешкени абдан кызыктуу. Экономика чындап эле бизди курчап турат.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Кимберли Джозефсон жана Экономикалык билим берүү фонду тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.

Макаланы бөлүшүү