Skip to content
Home
Home
Who we are
What we do
Get the book

Эмне үчүн өзүңө өзүң кожоюн болуу деген нерсе жок

Патрик Кэрролл

Ишкерлер да алардан жогору турган бирөөлөргө баш ийишет.

Ишкердик капитализмдин эң жакшы мүнөздөрүнүн бири болушу керек. Эгер ишиңизди жакшы билсеңиз, жакшы акча таба аласыз, жана жумуш берүүчү буйрук бербегени үчүн, эбегейсиз эркиндикке ээ болосуз. Жаңы өндүрүш ыкмаларын сынап көрө аласыз, өзүңүздүн продукцияңызды ойлоп таап, өндүрүшкө киргизе аласыз же жөн гана коомуңузда жакшы жумуш орундарын жана ишенимдүү кызматты камсыз кыла аласыз.

Бул сөздөр ишкердикти жактаган жана кылдат изилдөөнү талап кылган жалпы аргумент болуп эсептелет жана «өзүңө өзүң кожоюн болуу» идеясын сүрөттөйт.

Бул түшүнүк абдан жөнөкөй. Жетекчиге отчет берүүнүн ордуна, ишкер катары өзүңүз жетекчилик кыласыз. «Эч кимге баш ийбейм» деп ойлойсуз. Бизнесиңиздин бардык тарабын толук көзөмөлдөй аласыз. Сизде жетекчи болбойт. Өзүңүз жетекчисиз.

Мындай түшүнүктүн татаалдыгын жөнөкөй бир мисал менен көрсөтүүгө болот. Мисалы, сиз ишканаңызда ылайдан пирог жасоону чечтиңиз дейли. Балким, сиз бала кезиңизде ылайдан пирог жасаганды жакшы көрчүсүз жана ар дайым бул кызыгууңузду бизнеске айлантууну кыялданчусуз. Мурунку жумушуңуздагы жетекчиңиз ылайдан пирог жасоого уруксат берген эмес (ал потенциалды байкаган эмес) дейли. Бирок эми сиз өзүңүзгө өзүңүз жетекчи болгон соң, бизнесиңизди каалагандай жүргүзүүгө колуңузда толук эркиндик бар.

Же андай эмеспи?

Чындыгында, бул андай деле эмес. Албетте, сиз ылайдан жасалган пирогдорду сатууга аракет кылсаңыз болот, бирок керектөөчүлөр аны сатып алууну каалабаса, эмне кыласыз? Адатта сизде ижара акысы, колдонулган материалдардын чыгымдары жана эмгек акы сыяктуу чыгашалар болот. Киреше жок болсо, мындай чыгашалар бат эле чогулат жана көп өтпөй сиз башка өндүрүшкө өтүүгө же бизнестен чыгууга аргасыз болосуз.

Өзүңө өзүң кожоюн болуу анчалык оңой эмес.

Чыныгы кожоюн ким?

Ылайдан жасалган пирог тууралуу мисал маанилүү суроону туудурат: бул жерде чыныгы жетекчи ким? Бир караганда бардык бийлик ишкерлердин колунда тургандай жана алар кожоюндук кылып жаткандай сезилет. Бирок, чындыгында көрүнүп тургандай, алар толугу менен өздөрүнүн кардарларынан көз каранды. Мыкты ишкерлер сизге «иш-аракетибиздин максаты – бул бир гана керектөөчүлөргө кызмат кылуу» деп айтышат. Мына ошолор чыныгы кожоюндар.

Экономист Людвиг фон Мизес бул идеяны өзүнүн «Адамдын иш-аракети» аттуу эмгегинде түшүндүргөн.

«Рыноктук коомдо бардык экономикалык иш-аракеттерди башкаруу ишкерлердин милдети. Өндүрүштү көзөмөлдөө алардын колунда. Алар штурвалды кармап, кемени башкарат. Үстүртөн караган киши алардын кожоюн экенине ишенет. Бирок андай эмес. Алар капитандын буйругун сөзсүз аткарууга милдеттүү. Капитан керектөөчү болуп саналат. Эмненин өндүрүлөөрүн ишкерлер да, фермерлер да, капиталисттер да аныктабайт. Аны керектөөчүлөр аныктайт. Эгер бизнесмен ага рыноктук баалардын түзүмү аркылуу билдирилген коомчулуктун буйругун так аткарбаса, анда зыян тартып, банкрот болот жана штурвалдагы бийик кызматынан четтетилет. Анын ордун керектөөчүлөрдүн талабын жакшыраак канааттандырган башка адамдар ээлейт».

Ишкерлер эбегейсиз бийликке ээ болушу мүмкүн, бирок алардын күчү толугу менен керектөөчүлөрдү канааттандыруу жөндөмүнөн көз каранды. Эгер ишкер өзүнүн чыныгы жетекчисинин, т.а. керектөөчүнүн каалоосун канааттандыра албаса, анда тез арада иштен бошотулуп, ордуна башка бирөө алынат. Бул бизнестен кетүү дегенди билдирет.

Ошондуктан ишкерлер көбүнчө бизнес «империянын» «падышалары» катары каралганы менен, иш жүзүндө баары тескерисинче. «Өндүрүштүн материалдык факторлорунун ээлери менен ишкерлер иш жүзүндө керектөөчүлөрдүн күн сайын кайталануучу шайлоолор аркылуу кайрадан дайындалып турган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү же ыйгарым укуктуу кишилери болуп саналат» деп жазат Мизес.

Ишкерлер иш жүзүндө кызматчылар жана иш-аракеттерди чындыгында керектөөчүлөр башкарат деген идея керектөөчүлөрдүн эгемендүүлүгү деп аталат. Ачыгын айтканда, ишкер болсоңуз да, баары бир бирөөгө кызмат кыласыз. Албетте, чыгармачылык эркиндик үчүн көп мүмкүнчүлүк бар. Керектөөчүлөр жетекчилерге окшоп баарын башкарбайт. Бирок ишкер катары сиздин эркиндигиңиздин да чеги болот.

Эл оозунда айтылгандай, «ким төлөсө, музыканы ошол тандайт».

Ишкердүүлүк сиз тууралуу эмес

Бул жерде учурдагы жана жаңы баштап жаткан ишкерлер үчүн маанилүү бир тыянак бар, жана ал көп учурда байкалбай калат. Анын мааниси мындай: ийгиликтүү болууну каалаган ишкерлер өздөрү каалаган бизнести жүргүзүүгө эмес, керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандырууга көңүл бурушу керек.

Көптөр үчүн бул көптөн бери күтүлгөн парадигма өзгөрүүсү болуп саналат. Көп адамдар өздөрүнүн каалоосу же жөндөмүнө жараша бизнес баштап, анан аны сатуунун жолдорун табууга аракет кылышат. Бирок бул толугу менен тескерисинче болушу керек. Эгер алар ийгиликтүү болгусу келсе, коомдогу канааттандырылбаган муктаждыктарды издөөдөн башташы зарыл жана андан соң аларды канааттандыруу ыкмаларын табышы шарт.

«Кызыккан ишиңди акчага айландыруу» идеясы жагымдуу сезилиши мүмкүн, бирок чындыгында ишкердүүлүк деген мындай эмес. Ишкердүүлүк башка нерсеге таянат. Ал сиз саткыңыз келген нерседен эмес, керектөөчүлөр сатып алууну каалаган нерседен башталат. Ал «өзүңө өзүң кожоюн болуу» дегенди билдирбейт. Ал керектөөчүлөрдү өзүңө кожоюн кылып, алар үчүн канчалык баалуулук жаратканыңа жараша сыйлык алуу дегенди билдирет.

«Рыноктук экономикада, - деп жазат Мизес, - байлыкка жетүүнүн жана сактоонун коомду алар сураган бардык товарлар менен эң жакшы жана эң арзан ыкма аркылуу камсыз кылуудан башка жолу жок». Сиз кызыккан нерселериңиз жана жөндөмдөрүңүз менен керектөөчүлөрдүн суроо-талабы дал келген жерлерди табышыңыз мүмкүн жана бул абдан жакшы. Мүмкүнчүлүгүңүз болгон сайын буга ыктаңыз. Бирок сиздин жумушуңуз биринчи кезекте ошол талапты канааттандыруу экенин эч качан унутпаңыз. Өзүнүн кумардуу долбоорун биринчи кезекке коюп, керектөөчүлөрдүн каалоолоруна көп көңүл бурбаган ишкер көп өтпөй бизнестен чыгып калат.

Ошондуктан ишкердүүлүк, чыгармачылык жана өз алдынчалык кут болсун дейли. Бирок ишкерлердин кожоюну, т.а. керектөөчүлөр бар экенин жана ишкердиктин маңызынын чындыгында башка адамдардын эмнени каалаарын аныктап, аны аларга берүүнүн жолдорун табуу экенин эстен чыгарбайлы.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Патрик Кэрролл жана Экономикалык билим берүү фонду тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.

Макаланы бөлүшүү