Баш барак
Баш баракБаш баракЖөнүндөЖаңылыктарКитепти алуу

Экономикалык сабаттуулукту өнүктүрүүдө

Юлия Бабюк
9/14/23

5-6-сентябрда Словакиянын борбору Братиславада өткөн эл аралык олимпиаданын финалына Кыргызстандан экономика боюнча олимпиаданын 2-турунун 5 жеңүүчүсү катышты.

Дүйнө жүзү боюнча быйыл экономика боюнча олимпиадага 80 миң мектеп окуучусу катышты. Өлкө ичиндеги бир нече турдан кийин Братиславанын экономика университетинде өткөн Эл аралык финалдык раундга 14 өлкөдөн 70 мектеп окуучусу катышты. EFI 8 өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан келген 5 мыкты мектеп окуучуларына сынакка даярданууда жана ага барууда колдоо көрсөттү. 

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга Польшадан келген катышуучу, 2-3-орунга Чехиянын өкүлдөрү ээ болушту. Жетишкендиктери үчүн аларга 1000, 500 жана 300 евро өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды. Чехиядан келген делегацияга Прагадагы Нью-Йорк университетинде окууга 40 000 евро өлчөмүндө грант ыйгарылды. Калган бардык катышуучулар катышкандыгы жана аракети үчүн олимпиаданын уюштуруучулары тарабынан сертификаттар, дипломдор жана символикалык сыйлыктар менен сыйланышты.

 Кыргызстанда өткөн олимпиаданын биринчи туру өлкөнүн бардык аймактарынан 1700 окуучуну чогултуп, экинчи турга 53 таланттуу окуучу катышты. Экономика боюнча эл аралык олимпиада Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү жана аны БАУнун Мамлекеттик саясат жана башкаруу институту Экономикалык негиздер демилгеси (EFI) коммерциялык эмес уюму жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте уюштурду. Бул олимпиада экономикалык билим берүүнү колдойт жана мектеп окуучулары үчүн эл аралык сынактарды уюштуруу аркылуу билим берүү системасынын өнүгүшүнө салым кошуп, эл аралык маалыматтарды талдоо мүмкүнчүлүгүн берет.

 «Мен көп эмоция жана мотивация алдым. Мен экономика боюнча билимимдин күчтүү жана алсыз жактарын үйрөндүм, эми кайда барарымды билем. Жардамы жана колдоосу үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем!», — деп бөлүштү олимпиаданын финалисти Актан Орозбеков. 

Кийинки жылы олимпиаданын уюштуруучулары катышуучу мектептердин жана катышуучулардын санын көбөйтүүнү пландаштырууда. «Быйыл биздин окуучулардын бири да алдыңкы ондукка кирбесе да, биз өспүрүмдөрдүн финансылык сабаттуулук боюнча маалыматын жогорулатууга жана аларга эмгек рыногунун талаптарына жооп берген келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоосуна жардам берүүгө аракет кылабыз», - деп баса белгилейт долбоордун координатору Мунара Омуралиева.