«Кыргызстандагы жашоо»
11-12-октябрда 22ден ашык тематикалык сессиялар жана 75 баяндамачылар 9-жылдык «Кыргызстандагы жашоо» 2023 конференциясына чогулушту. Конференцияга академиялык жана изилдөө институттарынан, өнүктүрүү агенттиктеринен, өкмөттөн, коомдук сектордон мамлекеттик эмес жана башка уюмдардан улуттук жана эл аралык эксперттер чогулушту. Конференция билим жана тажрыйба алмашуу үчүн баа жеткис аянтча болуп, Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы акыркы социалдык-экономикалык өнүгүүлөргө басым жасады.
Борбордук Азия Университетинин Жогорку Өнүктүрүү мектебинин деканы Кристофер Герри конференциянын өзгөчө басымын баса белгилеп, ““Кыргызстандагы жашоо” конференциясы инсанды изилдөөнүн өзөгүнө коюуга умтулат жана Кыргызстандагылардын тиричилиги менен жашоосун түшүнүүгө басым жасайт. Бул конференциянын негизин түзгөн “Кыргызстандагы жашоо” изилдөөлөрү Жогорку Өнүктүрүү мектебинин жана БАУнун башкы приоритети бойдон калууда”” деди.
«Кыргызстандагы жашоо» изилдөөсү 2010-жылы бүткүл региондорду камтыган өлкө боюнча 8000 адамдын тажрыйбасына көз салган биринчи маалымат чогултуу менен башталган. Бул кеңири маалымат топтому изилдөөчүлөргө, аналитиктерге, студенттерге, мугалимдерге жана профессорлорго оңой жеткиликтүү болуп, изилдөө иштеринин кеңири спектрин жеңилдетет. Берлиндеги Гумбольдт университетинин профессору Тилман Брюк, демилгенин негизги салым кошуучусу, изилдөөнүн биргелешкен мүнөзүнө басым жасап, мындай деп белгиледи: «Бул изилдөө жүргүзүүнү жана изилдөө тууралуу кабардар болууну каалагандардын бардыгы үчүн жеткиликтүү. Ал ошондой эле аймактагы изилдөөчүлөрдү, практиктерди жана саясатчыларды бириктирүү үчүн маанилүү платформа.»
Кыргызстандагы 9-жылдык «Кыргызстандагы жашоо» конференциясы Борбордук Азия Университети (БАУ), Германиядагы Лейбниц Жашылча жана декоративдүү өсүмдүктөр институту (IGZ) жана Германияда жайгашкан Эл аралык коопсуздук жана өнүгүү борбору (ISDC) тарабынан биргелешип уюштурулган. БАУ өзүнүн урматтуу өнөктөштөрүнө, анын ичинде БААУга, Мерсикого, Дүйнөлүк Банкка, ЮНФПАга жана башка көптөгөн уюмдарга ыраазычылык билдирет, алардын салымдары бул конференциянын ийгиликтүү өтүшүндө маанилүү роль ойногон.
Жыл сайын өткөрүлүүчү бул конференциянын жүрүшүндө атайын бурч уюштурулуп, ал Кыргызстанда экономикалык жана финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүдө баалуу басылма болуп калган «Жүйөлүү экономика» (CSE) китебине арналган. БАУ Экономикалык негиздер демилгеси менен биргеликте бул эмгекти Экономикалык сабаттуулук боюнча биргелешкен долбоордун алкагында которуп, чыгарды. Ал бурчта кыргыз жана орус тилдериндеги 60 китеп көргөзмөгө коюлуп, конференциянын аягында бардык китептерди конференциянын катышуучулары алып кетишти. Бул бул басылманын жарандар жана жаш муундар үчүн гана эмес, ошондой эле ар кандай мекемелердин жана уюмдардын жогорку деңгээлдеги эксперттери жана практиктери үчүн баалуулугун жана зарылдыгын көрсөтүп турат.