Баш барак
Баш баракБаш баракЖөнүндөЖаңылыктарКитепти алуу

"Нарындын алдыңкы студенттери менен жолугушуу"

Юлия Бабюк
12/25/23

2023-жылдын 22-декабрында БАУнун Нарын шаарындагы Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде Борбордук Азия Университети Нарын шаарынын жана Нарын облусунун алдыңкы студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара БАУнун Жогорку Өнүктүрүү мектебинин Мамлекеттик саясат жана башкаруу институту тарабынан демилгеленген жана уюштурулган. 

Жолугушуу Кыргызстандагы жаштар арасында эл аралык экономика олимпиадасын жана финансылык сабаттуулукту жайылтуу максатында уюштурулду.

 Иш-чарага Нарын шаарынын вице-мэри, Нарын облусунун губернаторунун орун басары, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектеп директорлору, мугалимдер, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Нарын шаарынан 70 алдыңкы окуучулар, анын ичинде ар кандай Олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана мыкты жыйынтыктар менен айырмаланган окуучулар катышты.

 Жолугушуунун негизги бөлүгүн Мамлекеттик саясат жана башкаруу институтунун илимий кызматкери Сауле Чалбасованын студенттер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча ачык лекциясы түздү. Сауле Чалбасова өз лекциясында жаштар үчүн финансылык сабаттуулуктун мааниси, ошондой эле финансылык сабаттуулуктун негизги принциптери тууралуу айтып берди.

 Жыйындын соңунда бардык катышуучуларга дем берүүчү сыйлыктар жана кыргыз жана орус тилдеринде «Жүйөлүү экономика» китептери белек катары тапшырылды. 

Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы орто мектептин окуучусу Дарина Шарипованын айтымында, ага эң көп каржылык сабаттуулук, инвестиция, аманат боюнча лекция таасир калтырды. Ал ошондой эле БАУга тапшыруу тууралуу маалыматты пайдалуу деп тапты.