

Экономика боюнча Олимпиаданын Улуттук туру

Кыргызстан Экономика боюнча Олимпиаданын Улуттук турунун финалисттерин аныктады
Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Жогорку Өнүктүрүү мектебинин Коомдук саясат жана башкаруу институту (IPPA) Экономикалык негиздер демилгеси (EFI) менен биргеликте өткөрүлгөн Эл аралык экономика боюнча олимпиаданын улуттук туру расмий түрдө эң мыкты 10 финалистти тандоо менен жыйынтыкталды. Бул таланттуу окуучулар экономика жана каржылык сабаттуулук боюнча өздөрүнүн билимин көрсөтүп, Кыргызстанды эл аралык аянтта көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Улуттук турдун 10 финалисти:
- Канатбеков Элмырза – №61 мектеп (Бишкек)
- Мухтар Жаннат – United World International School (Бишкек)
- Рысбаева Айтурган – №24 мектеп (Бишкек)
- Юсупжанов Ага-Хан – №61 мектеп (Бишкек)
- Астафева Адилия – Bilimkana International School (Бишкек)
- Айтбекова Айбийке – №70 мектеп (Бишкек)
- Эшенкулова Мелек – №24 мектеп (Бишкек)
- Кеминбеков Ясин – Субакожоев атындагы лицей (Нарын)
- Догоичиева Сезим – Газпром мектеби (Бишкек)
- Долооткелдиев Султан – Т. Сатылганов мектеби (Каракол)
Бул финалисттердин алдынкы бешөө ушул жылдын август айында Грецияда өтө турган Эл аралык экономика боюнча олимпиаданын финалында Кыргызстандын атынан чыгышат. Ал эми баардык 10 финалист Казакстан жана Өзбекстандык катышуучулар менен бирге 22-29-июнь күндөрү Алматыда өтө турган аймактык машыгууларга катышат.
Экономикалык негиздер демилгесинин (EFI) колдоосу жана каржылоосу менен Коомдук саясат жана башкаруу институту (IPPA) тарабынан уюштурулган Экономикалык олимпиада көптөгөн катышуучулардын жашоосун өзгөрткөн тажрыйба экенин далилдеди. «Олимпиадага даярдануу учурунда мен экономика боюнча билимимди кеңейтип гана тим болбостон, жашоомдо дайыма эстеп жүрө турган баалуу тажрыйбага ээ болдум», – деди Юсупжанов Ага-Хан. «Буга чейин менин түшүнүгүм жөнөкөй деңгээлде болчу, азыр болсо мен теорияны да, анын практикалык колдонмолорун да түшүнүп калдым. Күндөлүк жашоону да эми экономикалык илим аркылуу карай баштадым».
Улуттук турга бир катар сыйлуу коноктор катышып, катышуучуларды куттуктап, шыктандыруучу сөздөрүн сүйлөштү. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев, Экономика боюнча Олимпиаданын экзамендик комиссиясынын мүчөсү Кадырбек Султакеев, блогер жана таасирдүү инсан Мээрим Төлөпберген, жана БАУнун өкүлү доктор Кемел Токтомушев болду. Доктор Токтомушев финансы сабаттуулугунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз сүйлөдү.
Рысбаева Айтурган өз пикирин мындайча билдирди: «Мен шыктандыруучу адамдардын кеңештерин жана насааттарын угууга мүмкүнчүлүк алдым. Ошондой эле тандоо комиссиясына алардын калыс жана объективдүү баалоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Бул мен үчүн абдан шыктандыруучу жана бай тажрыйба болду».
Жыл сайын өткөрүлүп келген Эл аралык Экономика боюнча Олимпиада экономикалык жана каржылык сабаттуулук тууралуу түшүнүктү күнүмдүк жашоодо гана жайылтпастан, Кыргызстандагы эң келечектүү окуучулары үчүн эл аралык деңгээлде өздөрүн көрсөтүүгө аянтча болуп берет. Олимпиада жаш катышуучуларга сынчыл ой жүгүртүү, аналитикалык жөндөм жана маселе чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет — булар алардын келечегинде маанилүү куралдарга айланат.
Бул финалисттер эл аралык турга даярданып жаткан учурда, алардын жолу — сапаттуу билимдин жана жаштардын экономика армагындагы активдүү катышуусунун маанилүүлүгүнүн күбөсү болуп саналат.