Баш барак
Баш баракБаш баракЖөнүндөЖаңылыктарКитепти алуу

Экономика боюнча эл аралык олимпиада өтүүдө

Мунара Омуралиева
8/14/23

30-майда №24 Аалы Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясында экономика боюнча эл аралык олимпиаданын республикалык туру болуп өттү. Беш жеңүүчү 2023-жылдын сентябрь айында Словакиянын Братислава шаарында 15 өлкөнүн финалисттери менен бирге Олимпиаданын финалдык баскычында Кыргызстандын атынан катышат. Жеңүүчүлөр:

1. Орозбеков Актан – Герман Гмайнер мектеби, Бишкек

2. Зарылбекова Герда – Бириккен дүйнө эл аралык мектеби, Бишкек

3. Айбекова Айым - Бириккен дүйнө эл аралык мектеби, Бишкек

4. Тилек Арууке – №38-мектеп, Бишкек

5. Орузбаев Тагайбек - №13-мектеп, Бишкек

Мектептин 9, 10 жана 11-класстарынын окуучулары үчүн олимпиада экономиканын жана каржынын күнүмдүк жашообуздагы маанилүүлүгү жөнүндө жалпы маалымдуулукту жогорулатуу үчүн гана эмес, Кыргызстандын эң таланттуу балдарына өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө жана дүйнөнүн ар тарабынан келген башка студенттер менен сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берүү максатында өткөрүлүүдө.

Олимпиаданын биринчи туруна өлкөнүн бардык аймактарынан 1700 мектеп окуучусу катышты. Ал эми Олимпиаданын экинчи туруна – 53 окуучу катышты.

Жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышты. Беш жеңүүчүгө Братиславадагы экономика боюнча олимпиаданын эл аралык туруна жолдомо, байгелүү орундарды алган кийинки беш катышуучуга Ысык-Көлдөгү «Дельфин» жайкы лагерине жолдомо ыйгарылды. Мындан тышкары, бардык катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен жана Борбордук Азия Университетинен (БАУ) сертификаттар жана сыйлыктар ыйгарылды.

Олимпиада БАУнун Мамлекеттик саясат жана башкаруу институту тарабынан жана Экономикалык негиздер демилгесинин (EFI) колдоосу менен өткөрүлдү. Олимпиада ар өлкөлөрдөн ар кандай адамдардын көптөгөн жөндөмдүүлүктөрүн, таланттарын жана чыгармачылыгын бир максатты көздөөгө - окурмандын экономиканын негиздерине болгон кызыгуусун ойготуу бириктирет.