Атактуу экономист жана агартуучу
EFI коомчулугу “Жүйөлүү экономиканын” башкы автору жана “Дүйнөлүк экономикалык эркиндик” тууралуу отчеттун авторлошу Жеймс Гвартнинин көз жумганына кайгырууда. Флорида штатынын университетинин ардактуу профессору Жим чыныгы “мырза жана окумуштуу” болчу. Анын карьерасы экономиканын бардык деңгээлин түшүнүүнү жогорулатууга арналган. Джим EFI демилгесинин жана биздин экономикалык сабаттуулукту жана билим берүүнү жакшыртуу боюнча миссиябыздын ишенимдүү колдоочусу болчу. Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрүбүз аркылуу “Жүйөлүү экономиканын” 9 тилдеги котормосун таратып анын мурасына салым кошуу биз үчүн сыймык. Авторлорунун кең пейилдигинин урматында китепти econfun.org баракчасынан акысыз көчүрүп алууга болот, ал жыл сайын өтүүчү Экономика боюнча олимпиадага катталган студенттерге окуу куралы катары сунушталат жана EFIнин “Мугалимдин колдонмосунун” өзөгүн түзөт. Биз китептин авторлоштору профессор Джо Кэлхун жана профессор Тауни Хант Феррариниге үзгүлтүксүз колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан жарыяланган жана кесиптеши Боб Лоусон жазган бул сый эскерүүнү сиздер менен бөлүшүп жатканыбызга кубанычтабыз.
Жеймс Гвартнини эскерүү, 1940-2024
Жеймс (Жим) Гвартни 2024-жылдын 7-январында 83 жашында Флорида штатынын Таллахасси шаарындагы үйүндө бейпил көм жумду. Гвартни Флорида штатынын университетинде (FSU) 53 жыл экономика профессору болуп эмгектенди. Ал чыгаан окумуштуу, экономикалык агартуучу, коомдук интеллигенциянын өкүлү катары эсте калат.
Гвартни Канзас штатында төрөлгөн жана үй-бүлөсүнүн фермасында иштеген; алгачкы билимин бир бөлмөлүү мектепте алган. Кийинчерээк ал мугалимдик шыктануусунун ошол жерден башталганын эскерет, анткени жогорку класстын окуучуларынын кичүүлөрдү окутууга жардам бериши керек болгон. Андан кийин ал Канзастагы Оттава университетине тапшырып, ал жерде келечектеги Федералдык резервдик системанын жетекчиси Уэйн Энджеллден билим алган.
Ал докторлук даражасын эмгек рыногундагы дискриминация экономикасы боюнча диссертация жазып, Вашингтон университетинде алган, анын жыйынтыгында абройлуу American Economic Review журналында биринчи макаласы жарыяланган. Вашингтондо Жим келечектеги Нобель сыйлыгынын лауреаты Дуглас Норттон көптөгөн сабактарды алган жана анын институционалдык экономикага болгон кызыгуусу дал ошол мезгилде башталган. Ал микроэкономика билимин Уолтер Ой (ал сокур болгондуктан, кийинчерээк Жимдин шыктануу булагы болгон) жана Йорам Барзел сыяктуу улуу илимпоздордон алган жана коомдук тандоо экономикасы боюнча сабагын келечектеги Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Бьюкенендин окуучусу Том Борчердингден окуган.
Окууну аяктагандан кийин, Жим 1969-жылы Таллахассидеги Флорида университетинин профессору болуп жумушка орношуп, ал жерде 2022-жылы пенсияга чыкканга чейин иштеди. Алгачкы жылдары Жим көптөгөн алдыңкы журналдарга макалаларын жарыялоо менен төгүмдөрүн төлөгөн жана ошондой эле кызматтык даражасы көтөрүлгөн. Ал эл алдында жасаган иштери менен көбүрөөк эскерилсе да, өмүрүнүн аягына чейин илимий журналдарга макала жазып, жарыялоону уланткан. Гвартнинин түбөлүктүү мурасы үч багытты камтыйт:
Биринчиден, ал экономикалык билим берүүнүн чебери болгон. Анын алгачкы жолу 1976-жылы жарыяланган “Экономика: жеке жана коомдук тандоо” окуу китебинин жакында 18-чыгарылышы жарык көрөт. Анын бул багыттагы көп жылдык аракетине авторлоштору Ричард Строуп, Рассел Собел жана Дэвид Макферсон салым кошушкан. Окуу китебинин эң маанилүү темаларынын бири экономиканы реалдуу түшүнүү бизден рыноктор кантип ийгиликсиз болушу мүмкүн экенин гана эмес, коомдук тандоо экономикасынын идеяларын колдонуу аркылуу өкмөттөр кантип ийгиликсиз болушу мүмкүн экенин да түшүнүүнү талап кылаарын сүрөттөйт. Өкмөттүн ийгиликсиздиги идеясы экономика боюнча жазылган окуу китептеринин көбүнө акырындык менен кирип келген, бирок аны биринчи жолу көрсөткөн Гвартнинин окуу китеби болду. Окуу китеби ошондой эле экономика туура жолдо уланышы үчүн аны баарын билген жана кудуреттүү борбордук пландоочулар башкарышы керек деген, басымдуулук кылып келген Кейнстик макроэкономикалык көз карашка каршы пикирди жактаган. 1993-94-жылдары Гвартни Флорида университетинен өргүү алып, Прагадагы Борбордук Европа университетинде өзүнүн окуу китебин колдонуу менен сабак берген. Ал кез темир көшөгө кулагандан кийинки жылдар эле жана Гвартни борбордук пландоону башынан өткөргөн студенттерге эркин рынок экономикасын үйрөтүүгө дилгир болгон.
Акыркы жылдары Гвартни Ричард Строуп, Дуайт Ли, Тауни Феррарини жана Жозеф Кэлхун менен биргелешип, “Жүйөлүү экономика: жеке жана улуттук бакыбаттык жаатында ар ким билүүгө тийиш маселелер” аттуу китебин жарыялашты. Китеп жана анын кошумча окуу материалдары экономиканын жана жеке финансынын негиздерин жеткиликтүү түшүнүү үчүн иштелип чыккан. Аягында ал карьерасын Флорида университетинин Гас А. Ставрос атындагы Эркин ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана экономикалык билим берүү борборунун жетекчиси катары аяктады, ал жерде K-12 экономикалык билим берүүнүн абалын Флоридада жана башка аймактарда жакшыртуу багытында эмгектенди.
Экинчиден, Гвартни Канаданын Фрейзер институту тарабынан жарыялануучу Дүйнөлүк экономикалык эркиндик (EFW) индексинин негиздөөчүсү катары эсте калат. Индекс Роуз менен Милтон Фридмандын жана Фрейзер институтунун негиздөөчүсү Майкл Уокердин идеясы болгон, алар 1980-жылдардын аягында өлкөлөр боюнча экономикалык эркиндиктин сандык көрсөткүчүн иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо максатында бир катар конференцияларды уюштурушкан. Гвартни 1988-жылы Ванкуверде өткөн бул багыттагы экинчи жолугушууга катышуу чакырыгын кантип алганы тууралуу окуяны көп айтып берчү. Ал чакырууну алганда (ичинен “экономикалык эркиндикти кантип *өлчөөгө* болмок эле?” деп ойлоп) андан баш тартмакчы болгон, бирок Милтон Фридмандын өзүнөн келгенин көргөндө аны кабыл алган. Банфтагы үчүнчү жолугушуудан кийин Гвартни жана Уолтер Блок (анын ошол кездеги ассистенти Роберт Лоусон менен бирге) көп сандагы өлкөлөр үчүн аз, бирок жеткиликтүү көрсөткүчтөрдүн негизинде экономикалык эркиндик индексин түзүү планын иштеп чыгышкан. Ал индекстин прототиптери сериянын төртүнчү жана алтынчы жолугушууларында көрсөтүлгөн жана акыркы варианты 1996-жылы жарыяланган. Ошондон бери EFW индекси жыл сайын чыгарылып келет жана учурда ондогон көрсөткүчтөрдүн негизинде 165 өлкөнүн экономикалык эркиндик рейтингин сунуштайт.
EFW индекси жыл сайын массалык маалымат каражаттарынын кеңири катмары тарабынан чагылдырылат жана өкмөт өкүлдөрү көп учурда маалымат каражаттарынын экономикалык эркиндиктин эмне үчүн башка мамлекеттерге караганда төмөн экени же төмөндөп баратканы тууралуу ыңгайсыз суроолоруна жооп берүүгө аргасыз болушат. EFW индекси академиялык чөйрөлөргө да чоң таасирин тийгизди. Бүгүнкү күнгө чейин рецензияланган журналдарда EFW индексине шилтеме жасоо менен 1300дөн ашуун макала жарыяланды, алардын көпчүлүгүндө экономикалык эркиндиктин жогору кирешеге, ылдам экономикалык өсүүгө жана саламаттыкты сактоо, жарандык укуктар жана тынчтык сыяктуу башка тармактарда көптөгөн пайдалуу натыйжаларга алып келээри аныкталган.
2009-жылы Гвартни экономикалык эркиндик боюнча эмгектеринин көпчүлүк бөлүгүн кыскача жыйынтыктаган: “Акыркы 15 жылдын ичинде экономисттер институционалдык факторлордун инвестициянын деңгээлине жана өндүрүмдүүлүгүнө, экономикалык өсүү темпине, ошондой эле өлкөлөрдүн киреше деңгээлиндеги айырмаларга да күчтүү таасир тийгизерин көбүрөөк түшүнүп калышты. Кээ бирлери ал тургай “институттар башкарат” дешет. Мен бул көз карашты жактагым келбейт, бирок институттар маанилүү жана алардын чоң мааниге ээ экени анык деп ойлойм”.
Үчүнчүдөн, Гвартни коомдук интеллигенциянын өкүлү катары элдин эсинде калат. Анын окуу китеби жана EFW индексинин үстүндө жасаган эмгеги көрсөткөндөй, Гвартни эч качан башка экономисттер окуй турган журналдык макалаларды жарыялоо менен чектелүүгө ыраазы болгон эмес. Ал жалпы коомчулукту камтып, саясатка таасир тийгизгиси келген. 1998-жылы Конгресстин Биргелешкен экономикалык комитети (JEC) үчүн Рэнди Холкомб жана Роберт Лоусон менен өкмөттүн оптималдуу өлчөмү жана ченеми жөнүндө изилдөө жүргүзгөндөн кийин, Гвартни 1999-2000-жылдары Биргелешкен экономикалык комитетте башкы экономист болуп иштеген. Бул тажрыйбанын негизинде ал Россияда Путин менен жолугушуу үчүн анын экономикалык кеңешчиси Андрей Илларионовдун чакыруусу менен, эркин рынокко багытталган экономисттердин чакан тобунун коштоосунда жумушчу сапарга чыкты. Азыр эстөө кыйын болушу мүмкүн, бирок Путин бийликке келген алгачкы жылдары аны рыноктук-либералдык реформалардын жактоочусу деп эсептешкен. Чындыгында, Гвартнинин сапарынан көп өтпөй Россия өзүнүн эң жогорку маржиналдык киреше салыгынын ставкасын советтер кезиндегидей 80 пайыздан, туруктуу жана төмөн деңгээлдеги 13 пайызга түшүрдү. Путин өзү баштаган либералдык реформалардан баш тартып, Россияны клептократиялык жолуна кайтарганга чейин, Россиянын экономикасы башында гүлдөп өнүктү. Аягында ийгиликсиз болсо да, Гвартнинин Россиядагы тажрыйбасы анын Пилдин сөөгүнөн жасалган мунарадан чыгууга жана иш жүзүндө кеңири дүйнө менен кызматташууга болгон каалоосун көрсөтүп турат.
Гвартни Мон Пелерин коомунун мүчөсү болгон. Ал 2007-2008-жылдары Түштүк экономикалык ассоциациясынын президенти болуп иштеген. Анын Жеке ишкердик билим берүү ассоциациясы (APEE) менен көп жылдык байланышы бар. Ал APEEнин президенти болгон, абройлуу Адам Смит сыйлыгын алган жана APEEнин Кларк-Кент-Аронофф кызмат сыйлыгына ээ болгон (аялы Эми менен бирге). Экономикалык эркиндикти, коомдук адилеттүүлүктү жана адамдын бакубаттыгын изилдөө миссиясын көздөгөн Гвартни институту 2018-жылы анын альма-матери Оттава колледжинде анын урматына түзүлгөн. 2022-жылы пенсияга чыккан соң, Флорида штатынын университети Жеймс жана Эми Гвартни стипендиялык фондун негиздеди (бул жерден кайрымдуулук кылууга болот).
Жим Гвартни бир гана улуу экономист эмес эле. Анын Кудайга болгон туруктуу ишеними жана 61 жыл чогуу жашаган жубайы Эмиге болгон берилгендиги көптөргө үлгү болгон. Аны тааныгандардын баары анын эң боорукер жана берешен адамдардын бири экенин билишет. Гвартни жашоонун көптөгөн кыйынчылыктарын асылдык жана ардактуулук менен кабыл алган. Ал 1970-жылдардын аягында өмүрүнө коркунуч туудурган рак оорусунан аман калган, андан соң өмүрүнүн акыркы 30 жылында сокурлукка алып келген көзүндөгү көйгөйлөрү менен күрөштү. Ошого карабастан, ал окуу китептерин оңдоп-түзөө үстүндө иштеп, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин экономикалык эркиндик боюнча изилдөөлөрдү жүргүздү.